Ссылки доступа

Казакстан Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Германияны жеңди


Латвияда өтүп жаткан хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Казакстан курама командасы Германияны 3:2 эсебинде жеңди. Бул – казакстандык хоккейчилер дүйнө чемпионатынын элиталык тобунда үч жолу жеңишке жеткен алгачкы учур.

Курама команда буга чейин Латвияны жана Финляндияны жеңип алган. АКШ курамасынан 0:3 эсеби менен утулуп калган.

Ушул тапта казакстандык хоккейчилер өз тайпасында Германия, Латвия, Финляндиядан кийин жети упай менен төртүнчү орунда турат.

Казакстан алдыда Канада, Италия жана Норвегия менен беттешке чыгат. Плей-оффто төрт мыкты команда ойнойт.

Казакстан курамасын «Барыс» спорттук клубунун башкы машыктыруучусу Юрий Михайлис жетектөөдө. Курамага канадалык Жесси Блэкер, Кёртис Волк, Даррен Дитц, швециялык Виктор Сведберг кирет. Алардын баары тең казак жарандыгын алышкан.

Казакстан шайбалуу хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын элиталык дивизионуна 1993-жылдан бери сегиз жолу катышып, бирок тайпалык этаптан ары аша алган эмес. Команда 1998, 2006-жылдары кышкы Олимпиада оюндарына катышып, бирок плей-оффко илинбей калган. Кышкы Азия оюндарында 1996, 1999, 2011, 2017-жылдары чемпион болгон.

XS
SM
MD
LG