“Айрым кызмат адамдары депутаттарга басым көрсөтүүдө жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кол тийбестигинин одоно түрдө бузулушуна көңүл бөлүнбөй жатат” деп айтылат видеокайрылууда.
17-майда акимдин мыйзамсыз чечимдерине каршы чыгып, Анжиян шаарынын прокурорун аттестациядан өткөрүүнү талап кылган депутат кол тийбестигинен ажыратылганы айтылган.
20-майда Өзбекстандын башкы прокуратурасы депутат Шухрат Каримовго карата кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Ал жалган документ жасоого жана өзүм билемдикке айыпталган.
Ошол эле маалда Өзбекстандын Юстиция министрлиги депутатты тинтүү жана анын ишине жолтоо болуу мыйзамсыз экенин билдирген.