Жол Баткен облусунун Ак-Сай айылына чейин Тажикстандын аймагын айланып өтүү максатында курулууда. Узундугу 48 километр жолдун 7 км. курулушунда иштер башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документи даярдалган.
Садыр Жапаровдун Баткен облусуна эки күндүк сапар менен 27-майда барган. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдарда эл менен жолугушууда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажик тарап 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганын билдирген.
Кыргызстан менен Тажикстандагы чектеш аймакта жол, суу жана жер маселесине байланыштуу тез-тез чыр чыгып турат.