Ссылки доступа

Өзбекстан менен Орусия «Спутник V» вакцинасын биргелешип өндүрүүнү макулдашты


Ташкент менен Москва «Спутник V» вакцинасын Өзбекстанда өндүрүү тууралуу макулдашты.

Ташкентке иш сапары менен барган Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко өзбек тарап вакцинанын өндүрүшү үчүн аянтча даярдап койгонун билдирди.

«Эки өлкөнүн президенттеринин тапшырмасынын алкагында Өзбекстанда «Спутник V» вакцинасынын өндүрүшүн жолго коюу тууралуу макулдаштык», — деди Мурашко.

Өзбекстанга «Спутник V» вакцинасынын алгачкы партиясы 23-апрелде, экинчиси 27-апрелде жеткирилген.

Өткөн жумада Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Сочиде жолукканда Москва коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатканын билдирген.

"Орусия Кыргызстанга тест-системаларды, антивирустук дарыларды жана вакциналарды жеткирүүдө жардам берип келген жана мындан ары да жардам берет. Азыр биздин адистер "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү маселесин изилдеп жатышат", - деген Путин.

22-апрелде Бишкекке Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозадан турган алгачкы партиясы жеткирилген. Алардын 15 миңи 10 доллардан сатылып алынса, 5 миңи гуманитардык жардам катары келген.

10-майда Кыргызстан Орусиядан кошумча дагы 20 миң доза вакцина алган.

XS
SM
MD
LG