Ссылки доступа

20дан ашык өлкө беларус бийлигинен Протасевичти бошотууну талап кылды


ЖМК эркиндиги боюнча глобалдык коалицияга мүчө 20дан ашык өлкө ишемби күнү биргелешкен билдирүү жасап, беларус бийлигинен журналист Роман Протасевичти, ошондой эле өз ишин аткарганы үчүн кармалган башка кабарчыларды бошотууну талап кылышты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтына жарыяланган билдирүүдө алар Протасевичтин камалышын жана учактын багытын күч менен бурган аракетти айыпташты.

«Бул чектен чыккан жана адамды нес кылган кадам, маалымат каражаттарына жасалган толук кандуу чабуул. Бул эркин пикир билдирүүгө, дегеле өз оюн айтуу укугуна олуттуу кедергисин тийгизиши ыктымал», -деп жазылган билдирүүдө.

21 мамлекеттин өкмөтү кол койгон билдирүүдө Беларуста былтыртан бери жалпысынан 400дөй журналист жана медиа кызматкерлер ар кандай куугунтуктун түрүнө дуушар болушканы белгиленген.

ЖМК эркиндиги боюнча глобалдык коалиция 2019-жылы Улуу Британия менен Канаданын тышкы иштер министрлеринин демилгеси менен түзүлгөн. Ага Австрия, Канада, Чехия, Германия, Швейцария, Украина, Улуу Британия жана АКШ өңдүү 20дан ашык мамлекет мүчө.

23-майда беларус бийлиги ирландиялык учакты Афиныдан Вильнюска бараткан жеринен Минск шаарына күчтөп кондуруп, ичиндеги оппозициячыл журналист Роман Протасевичти камакка алган. Расмий Минск "учакка бомба коюлган" деген маалымат түшкөнүн айткан. Кийин ал калп болуп чыккан. 26 жаштагы Протасевичке “Беларуста жапырт башаламандык уюштурган” деген айып тагылууда. Бул кылмыш үчүн ал 15 жылга чейин соттолушу мүмкүн.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG