Ссылки доступа

Өзбекстанда президенттикке талапкер Атажанов прокуратурадан анын үйүнө бастырып кирген топтун мүчөлөрүн жазалоону сурады


Саясатчы жана мурдагы ырчы Жахонгир Атажанов Ташкент шаарынын прокуратурасын 26-майда анын үйүнө кирип келип, чыр салган кишилерди таап, жазалоону сурады.

Өткөн аптада белгисиз кишилердин тобу оппозициячыл “Эрк” партиясынын курултайы өтүп жаткан Жахонгир Атажановдун үйүнө кирип барып, жумуртка менен ургулашкан.

Соцтармактарда тараган видеодо белгисиз кишилер курултайдын катышуучулары менен уруп, жаңжал чыгарганын көрүүгө болот.

Жахонгир Атажанов прокуратурадан чыр чыгарган топтун 20дай катышуучусуна бейбаштык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоону сурады:

“Алар мени түртүп, бөлмөдөн чыгарышкан жок, үйүмдө уруксаты жок басып жүрүштү. Үйүмө жумурка ыргытышты, чачышты, апама, делегаттарга жана эки журналистке акарат келтиришти”.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Атажановдун арызы боюнча түшүндүрмө бере элек.

Жахонгир Атжановго кол салуу болгонуна карабай, “Эрк” партиясы аны президенттикке талапкер катары көрсөттү.

42 жаштагы өзбекстандык ырчы Жахонгир Атажанов былтыр музыкалык карьерасын токтотконун, январь айында саясатка бел байлап, президенттик шайлоого аттанарын билдирген. Көп өтпөй Атажановдун Ташкент шаарындагы кеңсесине белгисиз аялдар келип, бул жер сойкукана экенин жана маңзаттар сатыларын айтып полицияны чакырышкан.

Жахонгир Атажанов Өзбекстандагы кысымдарга чыдабай үй-бүлөсү менен быйыл март айында Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткен.

Өзбекстанда президенттик шайлоо ушул жылы 24-октябрында өтөт. Бирок расмий талапкерлердин аты деле болсо белгисиз.

Президент Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө ат салышары айтылган.

XS
SM
MD
LG