Ссылки доступа

Казакстанда саясий репрессиялар менен ачарчылыктын курмандыктары эскерилди (видео)


31-майда активисттер тобу Нур-Султан шаарындагы мемориалдын алдына чогулуп, саясий репрессиялардын жана 1931-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарын эскерип куран окушту.

«Репрессиялардын жыйынтыгында 7,5 миллион казактын 2,5 миллиону гана калган. Өтө оор мезгилдер болгон. Бул тууралуу ата-энелерибизден угуп, адам адамга ушундай мыкаачылык менен мамиле кылабы деп таң калганбыз. Биз бул окуялар тууралуу унутпашыбыз керек... Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин буга тиешелүү деңгээлде саясий баа бериле элек. Бийликтин бул кадамга барбай жатканы элге сокку болууда», – деди активист Кайырлы Омар.

Чогулгандардын айрымдары Казакстанда жарандар азыр да саясий көз караштары үчүн куугунтукталып жатканы үчүн бийликти сындашты.

- Эгемендик алганыбызга дээрлик 30 жыл болсо да өз оюн эркин айтуу укугун пайдаланган жарандардын куугунтукталып жатканы өкүнүчтүү. Көбү түрмөлөргө камалды. Бийлик аларды бошотушу керек, – деди активист Нагызхан Толеубаев.

Ушундай эле акция 1931-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарына арналып тургузулган Алматы шаарындагы эстеликтин жанында да өттү.​

Казакстанда 31-майда Саясий репрессиялардын жана 1931-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет. Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев бул датага байланыштуу жасаган кайрылуусунда XX кылымдагы репрессияларды «тарыхтын кайгылуу барактары» деп атады.

1937-1938-жылдардагы саясий репрессиялар маалында Казакстанда 120 миңден ашык киши куугунтукталып, алардын 25 миңи атылып кеткен. 1928-жылдагы конфискациядан кийин 1931-1933-жылдары ачарчылык болуп, түрдүү маалыматтар боюнча Казакстандын аймагында 1,3-1,5 миллион киши каза болгон.

Казакстанда 1993-жылы «Жапырт саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо тууралуу» мыйзам кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG