Ссылки доступа

Тажикстанда ири өлчөмдө алдамчылыкка айыпталган эки прокуратура кызматкерине айып пул гана салынды


Душанбе шаардык соту “ири өлчөмдө алдамчылыкка” айыпталган эки прокуратура кызматкеринин жазасын жеңилдетип, айып пул салуу менен бошотту.

Шохмансур районунун прокурорунун жардамчысы Сайфиддин Бахриддинзода жана Согди облустук прокуратурасынын кызматкери Манучехр Ахмадзодага быйыл февралда кармалган.

Соттолуучулардын туугандары өкүмгө комментарий беришкен жок, юристер жаза өтө жеңил болгонун белгилешүүдө.

“Озодинин” жеке булактары билдиргендей, 200 миң сомони же 19 миң доллар акча алдоого айыпталган прокуратура кызматкерлери айып пулга гана жыгылган. Келтирилген зыян төлөнүп берилген.

Сайфиддин Бахриддинзода сот жыйыны болгонго чейин абакта отурган, Манучехр Ахмадзода болсо эч жакка чыкпоого милдеттенме алып, күрөө менен бошотулган. Учурда экөө тең эркиндикте.

Манучехр Ахмадзода – Тажикстандын Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттигинин башчысынын биринчи орун басары Музаффар Ахмадзоданын уулу.

XS
SM
MD
LG