Ссылки доступа

Казакстанда сот арачылары активист Бактыбаевдин өлүмүнө айыпталгандарды актады


Казакстанда 2019-жылы Караганда облусундагы өз үйүнүн кире беришинде атып кетишкен жарандык активист Галы Бактыбаевдин өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты.

Активисттин өлүмүн уюштурууга айыпталган 42 жаштагы мурдагы полиция кызматкери Галым Ахмеджанов менен 41 жаштагы ишкер Азамат Букенаев акталды. Сот арачылары бир добуштан кылмыштын буйрутма экени далилденбегенин, бул кишилердин активисттин өлүмүнө тиешеси жок экенин билдиришти. Жыйынтыгында сот Ахмеджанов менен Букенаевди эркиндикке чыгаруу чечимин кабыл алды.

Мындан тышкары сот арачылары кылмыштын аткаруучусу экени айтылган 29 жаштагы Иман Мияшовду бул эпизод боюнча күнөөсүз деп табышты. Ал Бактыбаевди анын өлүмүнөн бир нече ай мурда сабоого жана жергиликтүү жашоочулардын терезелерине ок атууга күнөөлүү деп табылды. Бул аракеттери үчүн ал беш жылга эркинен ажыратылды.

Буга чейин сот Мияшов менен чогу Галы Бактыбаевди сабоого катышкан Эльдар Жакенди да күнөөлүү деп тапкан. Ал бул иш боюнча үч жылга соттолгон.

Жарыш сөз маалында прокурорлор менен жабырлануучулар соттолуучулардын күнөөлөрү толук далилденгенин, алар түрмөгө камалышы керек экенин айтышкан. Айыпталуучулар менен алардын адвокаттары тергөө активисттин өлүмүнүн башка версияларын карабаганын билдирип, соттон актоону өтүнүшкөн.

59 жаштагы активист жана коомдук ишмер Галы Бактыбаев 2019-жылы майдын аягында атып өлтүрүлгөн. Бул иш боюнча сот былтыр май айында башталган. Тергөө кылмышты буйрутма адам өлтүрүү деп атаган. Сот жана сот арачылары тергөөнүн бул версиясы жана айыптоолору менен макул болушкан эмес.

XS
SM
MD
LG