Ссылки доступа

Нур-Султанда сот активисттин бийликке каршы доо арызын кабыл алуудан баш тартты


1-июнда Нур-Султан шаардык апелляциялык соту жарандык активист Макс Бокаевдин өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевге, сенаттын спикери Маулен Ашимбаевге жана мажилис төрагасы Нурлан Нигматулинге карата жазган доо арызын кабыл алуудан баш тартты.

Судья бул чечим дароо күчүнө киргенин, активист ал боюнча Жогорку сотко даттанса болорун билдирди.

— Доогердин арызында көрсөтүлгөн мыйзам президент, сенат жана мажилис төрагалары өз алдынча кабыл алышкан эмес. Ал коллегиялык түрдө кабыл алынган. Мындан тышкары бул документ доогердин жеке укуктарын же мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган эмес, — деди судья.

Макс Бокаевдин пикиринде, мажилис менен сенат колдоп, президент кол койгон «Шайлоолор тууралуу» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жарандардын жергиликтүү өкүлчүлүк органдарына (маслихат) шайлануу укугун бузат.

— 1995-жылы кабыл алынган «Шайлоолор тууралуу» мыйзамга ылайык, жаран маслихаттарга өз алдынча талапкер катары катышса болчу. Азыр бизди андай мүмкүнчүлүктөн ажыратып коюшту. Эми маслихат шайлоолоруна катышуу үчүн өлкөдө расмий катталган алты саясий партиянын биринин мүчөсү болуу шарт. Мисалы, мага бул партиялардын бири да жакпайт. Бизде азыр бир да шайлоого талапкер катары катышууга укугубуз жок, — деди Бокаев.

Апрелдин аягында Нур-Султандын Есил райондук соту да активисттин бул доо арызын кабыл алуудан баш тарткан. Судья анда өз ыйгарым укуктарын аткарган учурда президенттин жана палаталардын спикерлеринин аракеттери сотто каралашы мүмкүн эмес экенин билдирген.

Видео

Видео

Олимпиада: Кыргызстан бир күндө эки медал алды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
XS
SM
MD
LG