Ссылки доступа

Өзбекстан ТИМи польшалык журналист Агнешка Пикулицканын аккредитациясын узартпайт


Агнешка Пикулицка-Вильчевска
Агнешка Пикулицка-Вильчевска

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Al Jazeera телеканалынын кабарчысы Агнешка Пикулицка-Вильчевсканын аккредитациясын узартпайт. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Юсуф Кабулжанов билдирди.

Ал министрликтин мындай чечимин польшалык журналист Өзбекстандын «мыйзамдарын бузганы» менен түшүндүрдү.

Ташкентте иштеген Агнешка Пикулицка быйыл февраль айында алты айга аккредитация алган. Ага чейин журналист Өзбекстандын ТИМ өкүлү ага "өлкө жөнүндө жалаң оң маанайдагы макалаларды жазасың" деп басым көрсөткөнүн айтып чыккан.

«Миризёев бийликке келгенден кийин өлкөдө сөз эркиндигине байланышкан абал кыйла жакшырды. Муну мурдагы жылдырга салыштырып болбойт. Бирок азыр аккредитация бардыгына эле жеткиликтүү эмес. Мен ТИМде мага кандай мамиле болгонун айтып чыккандан кийин гана алты айгааккредитация ала алдым», - деп билдирген Пикулицка.

Ташкентте жашап, The Guardian, Al Jazeera, The Diplomat жана Eurasianet басылмалары үчүн макалаларды жазган польшалык журналист Агнешка Пикулицка быйыл февраль айында өзбек ТИМинин кызматкери ага ыдык көрсөткөнүн, андан соң аккредитация алуу аракети маалында басым болгонун билдирген.

Бул тууралуу ал социалдык тармактарга жазган күндүн эртеси Al Jazeera телеканалынын Өзбекстандагы кабарчысы катары аккредитация алган.

XS
SM
MD
LG