Жумушчу топ өлкө бийлигин Кызыордо абагында беш жылдык жаза мөөнөтүн өтүп жаткан Елшибаевди тез арада бошотууга чакырды. Бул тууралуу 2-июнда дүйнөдөгү абийир туткундарын коргоо менен алектенген Freedom Now бейөкмөт уюму билдирди. Былтыр Елшибаевдин иши боюнча БУУнун жумушчу тобуна дал ушул уюм кайрылуу жолдогон.
«Ержан Елшибаевди эркинен ажыратуу негизсиз болуп эсептелет, анткени ал чечим Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 2-3-7-9-10-19-21-бенелерине, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын 2-9-14-19-25-26-бенелерине каршы келет», – деп жазылган жумушчу топтун Freedom Now уюмунун сайтына жарыяланган текстинде.
Жумушчу топ «иштин бардык жагдайларын эске алуу менен» казак бийлигине Елшибаевди тез арада бошотууну жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык аны компенсация алуу өңдүү юридикалык укуктар менен камсыз кылууну сунуштады. Мындан тышкары уюмдун өкүлдөрү казак өкмөтүн активисттин кармалышы жана сот жообуна тартылышы боюнча көз карандысыз тергөө уюштурууга жана анын укуктарынын бузулушуна күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга чакырды. Документте Казакстандын өкмөтү Елшибаевдин иши боюнча жумушчу топтун былтыр 10-декабрдагы билдирүүсүнө жооп бербегени да белгиленген.
Ержан Елшибаев 2019-жылы февраль жана март айларында Жаңы-Өзөн шаарында өткөн демонстрациялардын башында турган. Ал Маңгыстау облусундагы жумушсуздук маселесин көтөрүп чыккан. Анда акимчилик алдына чогулган жарандар ал кездеги өлкө президенти Нурсултан Назарбаевге видеокайрылуу жасап, аны коррупцияга жана мамлекеттик бюджетти натыйжасыз башкарууга айыпташкан.
24-мартта активист «эки жыл мурдагы окуя боюнча сүйлөшүү үчүн» полиция бөлүмүнө чакырылып, эки күндөн кийин камакка алынган.
2019-жылы октябрда Жаңы-Өзөн шаардык соту Ержан Елшибаевди беш жылга эркинен ажыраткан. Сот аны 2017-жылкы тополоңдо кимдир бирөөнүн ден соолугуна олуттуу залал келтирген деген жүйө менен айыптуу деп тапкан. Елшибаев өзү жана анын тарапташтары бул айыптоолорду четке кагып, айыптоодо саясий мүдөө бар экенин айтышкан. Ошол эле жылы августта казакстандык укук коргоочулар Елшибаевди «саясий туткундардын» тизмесине киргизишкен.