Полиция кабарлагандай, “Коопсуздук талаптарына шайкеш келбеген товар чыгаруу, сатуу же кызмат көрсөтүү”, “Балдардын өмүрү менен ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу милдетин тиешелүү деңгээлде аткарбоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары башталды.
Биринчи берене боюнча 4-8 жылга эркиндигин чектөө, экинчи берене боюнча эң оор жаза – беш жыл түрмөгө кесүү каралган.
Маалыматка караганда, Чарынга экскурсияны Алматыдагы N199 мектеп-гимназиясынын окуучуарынын ата-энелери уюштурушкан. Ушул аптада полиция бардык ата-энелерди чакырып, суракка ала баштады.
29-майда Чарын каньонунда сел жүрүп, мугалим менен окуучу кайтыш болгон. Бир кыз жоголгон. Ал кийинки күнү куткаруу иштери учурунда табылган, алты киши жабыркаган.
Чарын өрөөнү – Алматы облусундагы табигый аймактардын бири. Аны АКШдагы Чоң каньон менен салыштырышат. Чарынга жыл бою жүздөгөн кишилер барат. Белгилүү туристтик жай болуп эсептелет.