Ссылки доступа

Ирандын ири аскердик кемеси Оман булуңунда чөгүп кетти


Ирандын деңиз аскердик күчтөрүнүн кемеси 2-июнда белгисиз себептерден улам Оман булуңунда чөгүп кеткенин мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты.

Анын алдында кемеде өрт чыккан. Кеменин экипажы толугу менен коопсуз жайга көчүрүлгөнү маалым болду.

Жарым-жартылай мамлекеттик Fars агенттиги билдиргендей, кемени сактап калуу аракетинен майнап чыккан эмес. Өрттүн эмнеден тутанганы да азырынча беймаалым.

Кеме стратегиялык деп саналган Ормуз кысыгына жакын жердеги Жаск деп аталган Ирандын портуна чукул жакта болчу.

Маалымат каражаттары "машыгуучу кеме" деп атап жаткан "Харг" Британияда курулуп, 1977-жылдан тартып пайдаланылып жаткан. Ал Ирандын деңиз аскердик күчтөрүнүн колуна 1984-жылы тийген.

Соңку кездери Иран флотторунда бир катар олуттуу окуялар катталды. Апрель айында Тегерен "Савиз" деп аталган кемеси Кызыл деңизде аткыланганын билдирген. Былтыр аскердик машыгуулар учурунда кемелердин бирине кокусунан ракета тийип, бул кырсык 19 адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG