Ссылки доступа

Өзбекстан менен Казакстан ортосунда жаңы аба каттамдарды ачылды


Самарканд менен Алматы, Ташкент менен Түркстан ортосунда ырааттуу аба каттамдары ачылды.

Расмий маалыматка караганда, жаңы каттамдарды уюштурууга эки өлкөнүн авиациялык администрациялары быйыл май айында макулдашкан.

Самарканд-Алматы-Самарканд каттамын “Өзбекстан аба жолдору” жана Air Astana авиакомпаниялары жумасына эки сапар аткарат.

Түркстан-Ташкент-Түркстан каттамдарын Air Astana авиакомпаниясынын курамына кирген Fly Arystan авиакомпаниясы уюштурат.

Мартта казакстандык SCAT компаниясы Актау-Ургенч-Актау багыты боюнча ырааттуу каттамдарды ачкан.

XS
SM
MD
LG