Ссылки доступа

НАСА Чолпон планетасына эки миссиясын жөнөтөт


Венера

НАСА Венеранын атмосферасын жана геологиялык өзгөчөлүктөрүн иликтөө үчүн бул планетага жаңы эки миссиясын жөнөттү.

Алар көптөгөн белгилери Жерге окшош болгон Күндөн алыстыгы боюнча экинчи орундагы планета кантип “тозокко окшош дүйнө” болуп калганын түшүнүүгө аракет жасашат. Бул тууралуу НАСАнын жаңы жетекчиси Билл Нельсон билдирди.

"ДАВИНЧИ Плюс" аталышындагы миссия мурда бул жерде океандар жана органикалык жашоо болгон-болбогонун иликтөө үчүн Венеранын атомосферасынын тыгыздыгын иликтөө менен алектенет. Бул 1978-жылдан бери Венаранын атмосферасын иликтөө боюнча АКШнын алгачкы миссиясы болуп калат.

Экинчи "ВЕРИТАС" миссиясы эмне үчүн планета Жерден башкача өңүттө өнүккөнүн түшүнүү үчүн Венеранын геологиялык тарыхына сереп салат.

Ар бир миссияны иштеп чыгууга 500 миллион доллар жумшалат. Аларды учуруу 2028-2030-жылдарга пландалууда.

Европалык космос агенттиги Венаранын орбитасына космостук кемесин 2006-жылы учурган.

Венара көлөмү жана курамы боюнча Жерге окшош, бирок Күнгө бир жарым эсе жакын. Басым жерге салыштырмалуу 92 эсеге жогору жана орточо температура 460 градуска чейин жетет.

Видео

Видео

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00
XS
SM
MD
LG