Маалыматка караганда, Жугинисов коррупция ишине шектелип, эки жумадан бери үй камагында отурган. 2-июнда анын аялы Костанайга кетип, аткаминер үйүндө жалгыз калган. Ошол эле күнү кечинде туугандары аны асынып алган жеринен табышкан.
Кесиптештеринин айтымында, Кызылордо облусунун Арал шаарында туулуп-өскөн Калыбек Жугинисов 2015-жылы Мендыкара районунун акими кызматына дайындалгандан кийин Костанай облусуна көчүп келген. Бир нече жылдан кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болгон.
Костанай облустук полиция департаменти «Өз жанын кыюуга жеткирүү» беренеси боюнча тергөө иштери башталганын билдирди.