Ссылки доступа

Сабыр Жапаровдун атын колдонуп акча талап кылган жарандар кармалды


Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун атын жамынып ири суммадагы акчаны алдап алууга аракет кылган эки жаран кармалганын билдирди.

Ага ылайык, кармалгандар "М.Т.А" аттуу жарандын Казакстанда кармалып турган, ичинде товар бар контейнерлерин чыгарып берүүнү убадалап 1 млн. 250 миң доллар алдап алууга аракет кылган.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 3-июнда талап кылынган акчанын бир бөлүгүн алып жаткан учурда “А.М.Б” жана “Б.У.М” аттуу эки жаран кармалды. Аларга “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандардын бири УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Мунун алдында президенттин маалымат кызматы өздөрүн президенттин жакыны, кеңешчиси же жардамчысы деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылган абийирсиз адамдар болуп жатканын билдирди.

Президенттин адмиинстрациясы Садыр Жапаровдун атын пайдалануу менен жеке маселелерин чечүү максатында кайрылган же кысым көрсөткөн учурлар болсо тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG