Тажикстан менен Өзбекстан азыркыдай чектөөлөр жок бирдиктүү темир жол мейкиндигин түзүүнү пландоодо.
Өзбекстан президентинин алдындагы Стратегиялык жана аймак аралык иликтөө институтунун директору Акрамжон Неъматовдун айтымында, мындан башка да долбоорлорду ишке ашыруу караштырылууда:
– Анын ичинде Самарканддан Тажикстандын Айни районуна чейин темир жол куруу долбоору талкууланууда. Жалпысынан Өзбекстан менен Тажикстан бирдиктүү транспорттук мейкиндик түзүүнүн үстүнөн иштөөдө.
Душанбе менен Ташкент транспорттук долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкө ортосунда жүк ташуу менен товар жүгүртүүнү көбөйтөт деп эсептейт. Тажикстан менен Өзбекстан жылдык товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүүнү пландоодо. 2020-жылы бул көрсөткүч коронавирус пандемиясына байланыштуу 333 млн доллардан бираз ашып, 2019-жылга салыштырмалуу 7,8 пайызга төмөндөгөн.