Ссылки доступа

Казакстандык теннисчи Roland Garros мелдешинде чейрек финалга чыкты


Казакстандык теннисчи Елена Рыбакина Францияда өтүп жаткан Roland Garros турниринин чейрек финалына чыкты. Ал төртүнчү айлампада америкалык Серена Уильямсты 6:3 эсеби менен жеңди.

Уильямс дүйнөлүк рейтингде 8-орунда, Рыбакина 22-орунда турат. Эки теннисчи бири-бирине каршы алгач ирет ойношту.

21 жаштагы Рыбакина буга чейин “Чоң шлем” турниринин чейрек финалына чыгып көргөн эмес. Эми ал орусиялык Анастасия Павлюченко менен ойнойт.

39 жаштагы Серена Уильямс Grand Slam жарыштарында 23 жолу жеңишке жетишкен. Рыбакина жарык дүйнөгө келген 1999-жылы Уильямс алгачкы Grand Slam мелдешин уткан.

Рыбакина легендарлуу спортчуну уткан алгачкы казакстандык теннисчи болуп калды.

Елена Рыбакина Орусияда туулган. Башында жарыштарга Орусиянын атынан кытышып жүргөн. 2018-жылы казак жарандыгын алып, ошондон бери Казакстандын атынан чыгып жүрөт.

XS
SM
MD
LG