Ссылки доступа

"UzAuto Motors" заводунун жумушчулары айлыктарынын азайганына байланыштуу иш таштады


"UzAuto Motors" жумушчулары
"UzAuto Motors" жумушчулары

Анжиянда "Uz-Koram Co" компаниясы таандык автоунаа тетиктерин өндүрүү жана чогултуу менен алектенген "UzAuto Motors" заводунун жумушчулары айлыктарынын кечиктирилгенине жана төмөндөтүлгөнүнө каршылык билдирип иш ташташты.

Жумушчулардын айтымында, алар айлыктарынын 60-70% (1,3-1,4 миллион сум же 123-133 доллар) гана алышкан, ал да 10 күнгө кечиктирилип берилген.

«90го жакын жумушчу ишти токтотуп, заводдун короосуна чогулдук. Бизге башкы директор менен анын орун басары келди. Алар азыр экономикалык абал оор болуп жатканын айтышты. Ошол эле маалда менеджерлердин айлыктары мурдагы бойдон калтырылган, өткөн айда алар сыйакы да алышты. Биз экономика каатчылыкта болсо эмнеге бардыгына бирдей мамиле болбой жатканын сурадык. Бирок жакшы түшүндүрүп бере алышкан жок», — деди жумушчулардын бири.

Маалыматка караганда, өткөн жумада 90го жакын жумушчу бир нече саатка иш таштагандан кийин компания жетекчилиги алардын маселесин чечүүнү убадалаган.

"UzAuto Motors" Анжияндагы 17 кичи автоунаа заводунун эң ириси болуп эсептелет. Өзбекстанда чыккан автоунаалар үчүн ички жана сырткы пластик каптамаларды өндүргөн бул заводдо 1000ге жакын киши иштейт.

XS
SM
MD
LG