Адвокат Шамиль Яндарбаевдин айтымында, Межидов беш сот арачысынын төртөөнүн колдоосун таап, сот залынан бошотулду. 8-июнда алардын бул чечиминин кесепеттери талкуулана турган отурум өтөт деп күтүлүүдө.
МГИМОнун студенти, 21 жаштагы Томирис Байсафа 2018-жылы жогорку окуу жайдын имаратынын төртүнчү кабатынын терезесинен кулап, 3-май күнү ооруканада көз жумган. Бул факт боюнча “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жогорку окуу жайдын жетекчилиги муну кокустук деп атаган. Бирок университетте окуган студенттердин бири маркумду кимдир бирөө терезеден түртүп жибергенин, анын алдында кыз сабалганын айткан.
Муртузали Меджидов маркум кыздын курсташы болгон, айрым маалыматтарга караганда, алар сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал – Дагестан өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мухтар Межидовдун уулу. Муртузали 29-июлда гана кармалып, эртеси камакка алынган.