Ссылки доступа

Анжиянда Effect.uz сайтынын журналисттери сабалды


Жарандардын көйгөйлөрүн чагылдырып жүргөн Effect.uz басылмасынын журналисттери Анжиян шаардык кеңешинин төрага орун басары Рахим Собировдун баласынан токмок жешкенин билдиришти. Бул иш Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө.

“Башкы прокуратура ишти Анжиян облустук прокуратурасы иликтеп жатканын жана окуянын катышуучуларына укуктук баа берилерин билдирди”, деп айтылат журналисттер тараткан маалыматта.

Буга чейин Effect.uz басылмасынын үч журналистине Термез райондук сотунун төрагасынын бөлмөсүнө кирүүгө аракет кылганы үчүн иш козголгон.

Кабарчылардын бири Эльёрбек Тажибаев өлкөдөгү журналисттер менен блогерлерге кайрылып, алардын профессионалдык ишмердүүлүгүнө коркунуч болуп жатканын эскерткен.

"Мен бардык журналисттерди жана блогерлерди сак болууга чакырам. Силер менен мындай окуянын болушуна жол бербегиле. Өзбекстанда сөз эркиндиги өлгөн", - деген журналист кайрылуусунда.

XS
SM
MD
LG