Ссылки доступа

Казакстанда аскердик кампадагы жарылуу боюнча айыпталгандар үчүн 10 жылдык жаза суралды


Прокурор Казакстандын Арыс шаарындагы курал-жарак сактаган кампада болгон жарылуу боюнча айыпталуучуларды 10 жылга чейин эркинен ажыратууну өтүндү.

7-июнда Чымкент горнизонунун Аскердик сотунда бул иш боюнча айыпталып жаткан 16 киши акыркы сөздөрүн айтышты.

— Айыпталуучулар күнөөлөрүн мойундарына алышкан жок. Адвокаттар сотту тергөө маалындагы мыйзам бузууларга көңүл бурууга чакырышты. Жарылуунун себеби аныкталган эмес. Тагылган айыптар далилденбеген бойдон калууда, — деди айыпталуучулардын биринин адвокаты.

Аскердик прокуратурадан соттолуучулардын ар бирине канча жылдан жаза мөөнөтү суралып жатканы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Соттон бул иш боюнча өкүм ушул жумада чыгат деп күтүлүп жатканын билдиришти.

Аскердик кампадагы жарылуу боюнча сот процесси былтыр 11-июнда башталган. Бул иштин алкагында 16 кишиге айып тагылып, 1 500 адам жабырлануучу деп таанылган.

Быйыл январда Чымкент горнизонунун Аскердик соту "кемчиликтерди жоюу" жана "бул ишке тиешеси бар башка адамдарды да жоопкерчиликке тартуу" үчүн ишти прокуратурага кайра тергөөгө жөнөткөн. "Мамлекеттик сырлар ачыкка чыгып кетиши мүмкүн" деген кооптонуулардан улам бул иш боюнча сот отурумдары жабык өтүүдө.

2019-жылы июнда Арыс шаарындагы аскердик кампада өрт чыгып, анда сакталып турган курал-жарактар жарылган. Расмий маалымат боюнча жарылуудан эки аскер кызматкери, бир жергиликтүү тургун жана бир кичинекей бала каза болуп, шаардагы үйлөрдүн 85 пайызы зыянга учураган.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG