Ссылки доступа

Сыдыков: Чукул кадамдарга барбаса, энергетика кыйроо алдында


Бишкекте Кыргызстандын энергетика тармагына арналган тегерек үстөл өттү. Анын катышуучулары Кыргызстандын энергетика тармагынын кейиштүү абалын белгилеп, көйгөйлөргө токтолду.

"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын башчысы Бакыт Сыдыков энергетика системасындагы абалды оңдоо үчүн чечкиндүү кадамдарга барбаса, Кыргызстанды оор күндөр күтүп турганын айтты.

“Кыргызстандын энергетика системасы критикалык абалда. Буга Токтогул ГЭСиндеги суунун аз топтолушу, электр энергиясына ички керектөөнүн өсүшү, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын чыдабай калышы, электр жабдыктарынын көпчүлүгүнүн эскириши себеп. Эгер абалды оңдоо үчүн чечкиндүү кадамдарга барбаса Кыргызстандын энергетика системасы, Токтогул ГЭСинин негизги каскадына чейин кыйроо алдында турат. Жыйынтыгында узакка созулган социалдык-экономикалык кризиске кептелебиз”.

Кыргызстанда электр жабдууларынын 70-80 пайызга жакыны эскирип бүткөнүн "Улуттук энергохолдинг" билдирип келет. Дүйнөлүк тажрыйбада энергетика системасындагы жабдыктардын эскириши 30 пайызга чейин мүмкүн деп эсептелет.

Электр жабдуулардын эскириши Улуттук электр тармактары боюнча 52-57 пайыз, "Электр станциялары" 73 пайыз, Бишкек жылуулук тармагында 83 пайыздан ашып кеткен.

Президент Садыр Жапаров апрель айында кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүүнү сунуш кылган. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керектигин билдирген.

XS
SM
MD
LG