Ссылки доступа

МАГАТЭ Түндүк Корея плутоний өндүрүп жатат деп шек саноодо


МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси. 7-июнь 2021-жыл

Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Түндүк Кореяда пайдаланылган реактордук отундан плутонийди ажыратып алуу боюнча иштер жүрүп жатканынын белгилерин аныктады. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү агенттиктин башчысы Рафаэль Гросси билдирди.

Анын айтымында, алынган материал өзөктүк курал жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн.

МАГАТЭ азыр Түндүк Кореянын өзөктүк объектилерине көзөмөл кыла албайт. 2009-жылы Түндүк Кореянын өкмөтү өзөктүк энергиянын пайдаланылышы боюнча иштерге мониторинг кылган БУУнун өкүлдөрүн өлкөдөн чыгарып салган. Буга байланыштуу башкы кеңсеси Вена шаарында жайгашкан уюм бул өлкөнүн ишмердүүлүгүнө спутниктен тартылган сүрөттөр аркылуу гана көзөмөл жүргүзүп келет.

Дүйшөмбү күнү Рафаэль Гросси МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин жыйынында ар кварталдык докладын тааныштырып жатып, өзөктүк калдыктарды кайра иштетүү боюнча лабораторияны тейлеген Пхеньяндагы ишкананын үстүнөн дале болсо буу чыгып жатканын айтты.

"Радиохимиялык лабораторияны тейлеген буу орнотмосу быйыл марттагы акыркы билдирүүмөн бери ишин улантып жатат. Бирок бул байкоо аркылуу ал дал кайра иштетүү менен алектенип жатат деп так айтуу мүмкүн эмес", – деди Гросси.

Өзөктүк курал үчүн плутоний өндүрүлөт деп эсептелинип келген Йонбендеги башкы реактордо акыркы үч айдан бери иш жүрүп жатканынын бир да белгиси байкалган эмес. Буга чейин Гросси реактор 2018-жылы декабрда жабылган болушу мүмкүн деген божомолун айткан.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG