Максат – атаандаш Кытайга карата инновация тармагында лидерликти кармап калуу.
Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, жарым өткөргүчтөр индустриясы 50 миллиард доллар алат. 1990-жылдары бул тармакта дүйнө боюнча АКШнын үлүшү 37 пайыз болсо, азыр 12 пайызды түзүүдө. Мыйзам чыгаруучулар Кошмо Штаттар бул багытта чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдөн өтө эле көз каранды болуп жатканына тынчсызданышууда. Коронавирус пандемиясы учурунда жарым өткөргүчтөрдүн таңкыстыгы Кытайдын ролу алда канча алдыда экенин дилилдеп койду.
Мындан тышкары дагы 100 миллиарддаган доллар мамлекеттик иликтөө борборлорун түзүүгө жумшалат.
Мыйзам долбооруна эки палатадан 68 сенат “макул”, 32 сенат “каршы” деген добуш берди.
Бул мыйзам долбооруна каршы тараптар мамлекет рыноктук процесстерге мынчалык масштабдуу түрдө кийлигишпеши керек деп эсептешет.
Ушуга эле окшогон мыйзам долбоорун Өкүлдөр палатасы да карап жатат.