Ссылки доступа

Мирзиёевдин Тажикстанга сапарында 30дан ашык документке кол коюлат


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон (архив сүрөт).

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 10-11-июнь күндөргө белгиленген Тажикстанга боло турган сапарында эки өлкөнүн өз ара кызматташуусунун маанилүү багыттары боюнча 30дан ашык документке кол коюлат. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сапардын күн тартибинде Душанбе шаарында расмий жолугушуу, тар чөйрөдө сүйлөшүү, кеңири курамда жыйын өткөрүү, социалдык объектилердин ачылышына онлайн катышуу жана эки тараптуу документтер топтомуна кол коюу каралган.

Алгач Душанбеде эки өлкөнүн лидерлери эл аралык саясат жана аймактын күн тартиби боюнча пикир алмашып, биргелешип уюштурулган маданий иш-чараларга катышышат.

Андан соң мамлекет башчылары Согди облусунун коомчулук өкүлдөрү менен жолугуп, аймактагы бир катар өнөр жай объектилери менен таанышат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы товар алмашуу көлөмү былтыр 500 миллион долларды түзүп, 200дөн ашык биргелешкен ишкана ачылган.

Эки өлкөнүн расмий адамдары жакынкы жылдары товар алмашуу көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүнү пландап жатышат.

Видео

Видео

Сабизден жасалган чоор
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:23 0:00
XS
SM
MD
LG