Ссылки доступа

«Митингден башка жол калбады». Казакстанда активисттер Акордого петиция тапшыра алган жок


9-июнда өздөрүн «Улуттук кызыкчылыктарды коргоо боюнча кеңештин» мүчөсү деп тааныштырган он чакты киши Казакстан президентинин администрациясынын алдына чогулуп, Акордого петиция тапшырууга аракет кылышты.

Кайрылууда алар өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевди адамдардын эркин шайлануусуна мүмкүндүк берүүгө, референдум аркылуу саясий партиялар тууралуу жаңы мыйзам кабыл алууга жана партияларды каттоону жеңилдетүүгө чакырышкан. Петициянын акыркы бөлүгүндө эгер бул талаптар аткарылбаса, алар элди жапырт митингдерге чакыра тургандыктары жазылган.

Акордонун алдына топтолгондордун арасында «Казакстандын демократиялык партиясы» жана «Эл тиреги» сыяктуу партияларды түзүү боюнча демигелүү топтордун, «Алаш» бирикмесинин, ошондой эле каттоодон өтпөгөн көп балалуу энелер уюмунун өкүлдөрү болду.

Бир нече сааттан кийин президенттик администрациядан коопсуздук кызматынын өкүлү чыгып, имараттын ичине үч гана киши кире аларын билдирди. Бирок чогулгандар буга макул болушкан жок.

— Биздин кеңештин курамында 24 уюмдун өкүлдөрү бар. Мен «Көчө партиясынын» атынан Аркалыктан бери келдим. Кантип үч кишини гана кабыл алабыз деп жатышат? Кеп топ адамдын кызыкчылыгы жөнүндө эмес, жалпы өлкөнүн кызыкчылыгы жөнүндө болууда, — деди жарандык активист Нурлан Алтыбаев.

Чогулгандар анын бул сөздөрүн колдоп, Акордодо аларды кабыл албагандан кийин петициянын акыркы бөлүгүндө айтылгандай жапырт митингге чыгуудан башка жол калбаганын билдиришти. Активисттер бир нече саат топтолуп тургандан кийин тарап кетишти.

Токаев саясий плюрализмди жана жарандардын тынч жыйындарды өткөрүүгө болгон укуктарын камсыз кылуу тууралуу убадаларына байланыштуу сынга алынып келет. Өлкө бийлиги убадаларды аткаруу максатында бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, Токаевдин администрациясы бул аракеттерди саясий реформалар деп атаган. Өз кезегинде талдоочулар менен сынчылар өзгөртүүлөр үстүртөн гана болгонун жана мыйзамдагы чектөөлөр көп деле азайбаганын айтып келишет.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, саясий партия түзүү үчүн демилгечи топ уюмдаштыруу курултайын өткөрүп, кеминде 20 миң адамдын колун (буга чейин 40 миң кишинин колун топтоо талабы болгон) топтошу керек болот.

Өткөн айда өлкөдө шайлоого байланышкан жаңы мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, парламенттик шайлоодогу босого чек жети пайыздан беш пайызга түшүрүлүп, бюллетенге «баарына каршы» графасы кошулган.

XS
SM
MD
LG