Эндрю Качинс Кыргызстандын Жазык кодексинин жана Жоруктар кодексинин баңгизатка байланыштуу бир канча беренелери менен шек саналып жатат. Өзүнө 3-июнда расмий кабарланганын Башкы прокуратура билдирди.
Качинс апрелде милицияга суракка чакырылган. Университеттин жетекчилиги жана окутуучулары муну Качинске карата туура эмес мамиле, чаташкан окуя деп сыпатташкан. Өзү комментарий берген эмес.
Эндрю Качинс Кыргызстандагы ишмердигин аяктап, АКШга кетип жатканы тууралуу 7-июнда окуу жайдын Камкорчулар кеңеши маалымат берген.