Ссылки доступа

Навальныйдын фонду жана штабдары экстремисттик деп таанылды


Москва шаардык соту шаршембинин кечинде Алексей Навальный негиздеген Коррупция менен күрөшүү фондун, оппозиционердин штабдарын жана “Жарандардын укуктарын коргоо фондун” прокуратура берген арыздын негизинде экстремисттик уюмдар деп таанып, алардын ишмердигине тыюу салды.

Эки фонд буга чейин Орусияда “чет өлкөлүк агенттердин” катарына кошулган.

Эми алар дароо ишин токтотууга тийиш, ошол эле маалда соттун чечимин талаша алышат.12 саттан ашык убакытка созулган процесстен Навальный фондунун адвокаттары "сот калыс жана адилет эмес№ деп чыгып кетишти.

Жакында кабыл алынган мыйзамга ылайык оппозиционердин тарапташтары, ал негиздеген фонддордо же штабдарында иштебесе да, ишмердиги экстремисттик уюмду колдоого тете деп таанылса, шайлоолордо ат салыша албайт.

2-февралда Москванын райондук соту Навальныйды 2013-жылкы кылмыш иш боюнча колонияга кескен. Ал камакта эки жарым жылдай отурмакчы.

31-мартта Навальный ачкачылык жарыялап, үч жумадан ашык тамактан баш тартып келген. Кийин ачкачылыкы токтоткон. Аркасы, буту ооруганын айткан, аябай арыктаган оппозиционер көз каранды эмес дарыгерлерди ага киргизүүнү талап кылган. Ага медициналык жардам көргөзүүгө укук коргоочулар, бир нече өлкөнүн бийликтери, Нобелдин лауреаттары жана белгилүү адамдар үндөшкөн. Орусияда аны колдоо акциялары өтүп, миңдеген адам кармалган.

XS
SM
MD
LG