Муну менен Израиль териден жасалган буюмдарга мамлекеттин масштабында тыюу салган дүйнөдөгү алгачкы өлкө болуп калды.
Тыюу салуу 2021-жылы декабрда күчүнө кирет. Мыйзам бузгандар 73 миң шекель (23 миң доллар) айып пул төлөйт же бир жыл эркинен ажыратылат. Ошол эле маалда Израилде мурдагыдай эле терини илимий, билим берүү багытында жана диний жөрөлгөлөрдө колдонууга болот.
Жаныбарларды коргоочулар тери сатууга тыюу салууну 2009-жылдан бери талап кылып келишкен. Израилдик Animals Now уюмунун маалыматына караганда, өлкө калкынын 86 пайызы терини сатууга тыюу салууну кубаттайт.
Акыркы жылдары ондогон ири кийим өндүрүүчү компаниялар тери колдонуудан баш тартышкан.
Данияда норкалар жок кылынгандан кийин ири тери аукцион үйү жабылган.