Ссылки доступа

Сириядагы качкындар лагеринде кармалып турган тажик жарандары Эмомали Рахмонго кайрылышты


Сириядагы "Аль-Хол" качкындар лагеринде кармалып турган тажикстандык аялдар Эмомали Рахмонго кайрылып, алардын мекенине кайтып келүүсүнө жардам берүүсүн өтүнүштү.

Тажик президентине жолдонгон катта алар аталган лагердеги шарттар "өтө начар" экенин жазышкан: "Быйыл 9-апрелде Исфаранын тургундары менен жолукканда Сириядан 500 аял жана балдар алып келинерин айткансыз. Бул бизге үмүт берген, азыр ошол күндү күтүп жатабыз. Балдарыбыз бул өлкөдө калышын каалабайбыз".

Тажикстандын Кувейттеги элчиси Зубайдулло Зубайдзода алар бул маселени чечүүнүн үстүнөн иштеп жатышканын билдирди. "Биз бул боюнча мамлекет башчысынан тапшырма алдык, аялдар менен балдар сөзсүз мекенине кайтарылат", — деди ал.

Маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө Сириядагы "Аль-Хол" жана "Родж" лагерлеринде 600гө жакын тажикстандык аял жана балдар бар. Алардын көбү бул өлкөдөгү чыныгы абалды билбестен эле күйөөлөрүн ээрчип келишкенин билдиришүүдө.

Сириядагы "Аль-Хол" лагери 70 миң киши үчүн убактылуу баш калкалоочу жай болуп калган. БУУнун маалыматы боюнча андагы шарттар "өтө начар": чөлдө жайгашкан лагерде адамдар чүпүрөк чатырларда, антисанитариялык шарттарда жашашат. Ал жерде суу, азык-түлүк жетишпейт, балдар билим жана жетиштүү медициналык жардам алышпайт. Мындан тышкары алар зомбулукка жана эксплуатацияга кабылышат. Былтыр уюмдун укук коргоочулары дүйнө өлкөлөрүн лагердеги өз жарандарын алып кетүүгө чакырган.

Андан бери көптөгөн өлкөлөр Сириядагы лагерлерде кармалып турган жарандарын алып кетишкен. Америкалык Frontline сайты Тажикстанды сириялык лагерлерде эң көп жараны бар өлкөлөрдүн алдыңкы ондугуна киргизген. Ошол эле маалда сайттагы маалыматта Душанбе аларды мекенине кайтаруу боюнча практика жүзүндө эч кандай аракет көрбөгөнү белгиленген.

Тажик өкмөтү 2018-жылы Ирактагы лагерде кармалып турган тажикстандык 80ден ашык баланы мекенине алып келген. Тажикстандын бийлиги Сириядагы жарандарын алып келүүгө лагерлердин расмий Дамаскка баш ийбеген күрт күчтөрүнүн көзөмөлүндө турганы, ошондой эле аялдар менен балдардын көбүнүн документери жок экени тоскоол болуп жатканын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG