Ссылки доступа

Мангистау облусунун акими таза суу тартыштыгына Rixos мейманканасы таасир этип жатканын билдирди


Казакстандын Актау шаарында курорттук аймактарды өнүктүрүү үчүн курулуп жаткан мейманканалар аймакта таза суу тартыштыгын жаратууда. Бул тууралуу Мангистау облусунун акими Серикбай Трумов билдирди.

— Азыр «Каспий» заводу суткасына 17-20 миң куб сууну тузсуздандырып жатат. Мунун 14 миң кубу Мунайлы районуна, 2 миңи Курык конушуна кетет. Дагы эки миң куб деңиз жээгиндеги объектилерге, анын ичинде Rixos мейманканасына кетет. Деңиз жээгиндеги туризмдин өнүгүшү менен таза сууга суроо-талап дагы көбөйөт», — деди Трумов.

Акимдин айтымында, Актауну таза суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү үчүн “Каспий” заводунун сууну тузсуздандыруу кубаттуулугун 40 миң миң кубга чейин көбөйтүү каралууда. Ал 11 миллиард теңгеге бааланган объектинин курулушуна республикалык бюджеттен 7,7 миллиард теңге бөлүнгөнүн, калганы күзүндө которуларын кошумчалады.

— Жыл соңуна чейин бардык иштер аткарылат деп ишенебиз. Азыр Мунайлы району үчүн кошумча сууну тузсуздандыруучу жабдуу орнотуудабыз. Мындан тышкары жер алдынан 4 миң куб суу чыгаруу жагын караштырып жатабыз. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 160 миллион теңгө бөлдүк, — деди аким.

Май айында Актау шаарына жакын жайгашкан Мунайлы районунун тургундары таза суу берүүдө мүчүлүштүктөр болуп жатканына даттанып чыгышкан. Анда алар бул суунун Rixos мейманканасына берилип жатканына байланыштуу болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышкан. Бирок Мангистау облусунун акимчилиги бул маалыматтарды четке каккан.

Суу тартыштыгы Актау шаарында да байкалып, 15- июнга чейин ишкерлик объектилерине таза суу берүү токтотулган. Мындан тышкары үнөмдөө максатында сауналар менен автоунаа жуучу жайларга да суу берүүгө чектөөлөр киргизилген.

Актау шаарындагы Rixos Water World мейманканасы былтыр жайында Каспий деңизинин жээгине курулуп бүткөн. Расмий маалыматтарга ылайык, 67 миллиард теңгеге бааланган объектинин ачылышына өлкөнүн Мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев өзү катышкан.

Rixos Water World мейманканасы түркиялык ишкер Феттах Таминжеге таандык. Нур-Султан шаарындагы имараттардын көбүн дал ушул ишкердин компаниясы казак бийлигинин буйрутмасы менен курган.

XS
SM
MD
LG