Мектеп мугалими Меруерт Каированын айтымында, буга чейин ондогон окутуучулар мектепте акча жыйноо фактыларына байланыштуу коррупцияга каршы агенттикке кайрылышкан. Иликтөө иштери азыркыга чейин уланууда.
— Жумушка орношуу алдында акча талап кылышат. Кошумча саат үчүн акча сурашат. Сатыбалдиев мугалимдердин арызы менен кызматтан алынган. Азыр иликтөө жүрүп жатат. Мен мектепте кайрадан коррупция башталабы деп коркуп турам, — деди Каирова.
Чымкент шаардык билим берүү башкармалыгы билдиргендей, Сатыбалдиев жумуштан алынгандан кийин райондук, андан соң шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот анын арызын канааттандырып, башкармалыкты анын кызматын калыбына келтирүүгө жана чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирген.
Былтыр 8-ноябрда Чымкенттеги № 125 мектептин мугалимдери Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге жана билим берүү министри Асхат Аймагамбетовго арызданышкан. Алар мектепке ишке орношуу, китеп алуу, гезитке жазылуу, ал гана эмес директордун туулган күнүнө да акча топтошорун айтышкан.