Ссылки доступа

Алматы акимчилиги Назарбаевдин күйөө баласы салдырып жаткан курулушту токтотту (видео)


Алматы акимчилигинин пландоо жана шаар куруу башкармалыгы Достук көчөсүндө салынып жаткан жогорку класстагы турак жайдын курулушунун токтотту.

Жердин ээси жана курулуш жүргүзүп жаткан компания мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулыбаевге тиешелүү.

— Алар курулуш аймагына кирип-чыга турган жол кыймылын уюштуруу боюнча келишимди аткарышкан жок. Бул жашоочулардын нааразылыгын жаратты. Гараждардын баарын сатып алууга тийиш эле. Бирок алардын жартысын гана сатып алган. Ошол себептен курулушту токтоттук, - деди башкармалыктын башчысы Алмасхан Ахметжанов.

"Enterprise Development Group" компаниясы курулуш иштерин жакында эле баштаган. 8 миң чарчы метрден ашык жер тилкеси 2003-жылы “Акушердик, гинекология жана перинатология илимий борборунан” KIT Group компаниясына менчиктештирилген. Жергиликтүү басылмалар бул компания да Кулубаевдерге таандык экенин жазышкан.

Enterprise Development Group компаниясынын юристтери документтер жайында экенин, компания курулушту токтотпой турганын айтышууда. Бул маселеде акыркы чечимди сот кабыл алат.

XS
SM
MD
LG