Нааразылык акциясы Акордодо Казакстанга иш сапар менен келген америкалык дипломат Залмай Халилзаддын жолугушуусу өтүп жаткан маалга туш келди.
Акцияны өткөрүүгө прокурордун “Казакстандын демократиялык тандоосу” жана “Көчө партиясы” кыймылдарынын ишине катышууга айыпталган Аскар Каирбекти бир жарым жылга эркинен ажыратууну сураганы себеп болду.
Акцияга чогулгандарды полиция көзөмөлгө алып, окуяны видеого тартып турду. Обочо жерде атайын бөлүктүн кызматкерлери, полиция автоунаалары жана автобустар топтолду. Акциянын катышуучулары кармалган жок, акимчилик жыйын мыйзамсыз экенин билдирип, аларды тарап кетүүгө чакырды.
Нур-Султан, Алматы жана Казакстандын башка шаарларында ондогон активист бул эки кыймылга катышы бар деген айып менен тергелип же абакта отурат. Европарламенттин резолюциясында “Казакстандын демократиялык тандоосу” жана “Көчө партиясы” тынч оппозициялык бирикмелер катары таанылган.