Ссылки доступа

Казакстанда активист "Нур Отандын" төрага орун басары тууралуу видеосун өчүрүүгө милдеттендирилди


15-июнда Алматынын Ауэзов райондук соту “Нур Отан” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Бауржан Байбек менен активист Жанболат Мамайдын ортосундагы доого байланыштуу чечим чыгарды.

Сот Жанболат Мамайды аткаминер тууралуу чыгарган фильмин өчүрүүгө милдеттендирди. Судья Байбекти коррупцияга айыптаган тасмадагы маалыматтар чындыкка дал келбейт деп тапты. Натыйжада Байбектин “ар намыс менен беделге шек келтирүү” боюнча арызы толугу менен канааттандырылды.

Сот мындан тышкары Мамайды соттук чыгымдарды (1025 доллар), соттук психологиялык-лингвистикалык экспертизанын акысын (175 доллар) төлөп берүүгө милдеттендирди.

Активисттин жубайы Инга Иманбай бул чечим боюнча даттана тургандыктарын билдирди.

Апрелде Жанболат Мамай Алматы шаарынын мурдагы мэри жана “Нур Отан” партиясынын биринчи орун басары Бауржан Байбек тууралуу иликтөөсүн жарыялаган

“Ал силерге Бауке эмес” деп аталган иликтөөдө Байбек Алматы шаарын башкарып турган төрт жылдын ичинде коррупциялык схемалар аркылуу миллиард доллардан ашык каражатка жана элиталык батирлерге ээ болгону айтылган. Мындан тышкары ал бир нече бизнес-борборго жана курулуш компанияларына ээлик кылуу менен чоң бизнес-империясын түптөгөнү белгиленген.

Апрелдин аягында Бауржан Байбек кадыр-баркын коргоо үчүн сотко кайрылган.

Жанболат Мамай против Бауржана Байбека: как проходит суд по делу о клевете
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

XS
SM
MD
LG