Ссылки доступа

Өзбекстанда аз камсыз болгон аялдарга контейнерден жасалган "сулуулук салондору" берилүүдө


Өзбекстанда контейнерлерден мобилдүү "сулуулук салондору" жасалып, аймактарга жөнөтүлүүдө.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, жакынкы күндөрү мындай 50 контейнер өлкөнүн алыскы айылдарына жеткирилди.

Бардык керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган ар бир салон профессионалдык даярдыктан өткөн жетиден аялды жумушка кабыл алууга даяр.

Бул долбоор Өзбекстандын Кесиптик кошуундар федерациясы тарабынан ишке ашырылууда.

Буга чейин Бухара облустук акимчилиги «Аялдар дептериндеги» аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 1000 бизнес-контейнер даярдап, аларды жеңилдетилген насыя менен тарата турганы кабарланган.

«Аялдар дептери» - бул социалдык, экономикалык, укуктук жана психологиялык колдоого, ошондой эле билим алууга жана профессионалдык даярдыктан өтүүгө муктаж болгон жумушсуз аялдарды аныктоого жана алардын маселесин чечүүгө багытталган маалыматтар базасы.

XS
SM
MD
LG