Ссылки доступа

«Астана LRT» иши боюнча соттолгондор өкүм менен макул эмес экендиктерин билдиришти


"Астана LRT" иши боюнча соттолгон жарандардын адвокаттары аларга карата чыгарылган сот өкүмү менен макул эмес экендиктерин билдиришти.

Сегиз жылга соттолгон экс-депутат Жанат Нурпиисовдун жана "Астана LRT'нин" мурдагы кызматкерлери Даурен Абдыхамитов менен Улугбек Ачиловдун адвокаттары 15-июнда басма сөз жыйынын өткөрүп, сот иштин бардык жагдайларын эске албаганын жана мыйзамсыз чечим чыгарганын айтышты.

— Судья биз келтирген фактыларды көңүлгө да алып койгон жок. Каражаттын негизги бөлүгү Systra француз компаниясынын эсебине түшкөн, анткени жумуштун көбүн ошол компания аткарган. Бирок компаниянын өкүлдөрү тергөө маалында да, сотто да келишкен жок. Тергөөнүн жүрүшүндө Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги аларды суракка алса болмок, бирок иштин материалдарында көрсөтмө алынганы боюнча кагаздар жок. Өкүм дээрлик толугу менен прокурорлордун айыптоо корутундусун кайталап калды, — деди Ачиловдун адвокаты Жазира Жаншуакова.

"Жеңил рельстүү транспорт системасы" (LRT) долбоорун ишке ашыруудагы каражаттын уурдалышы боюнча сот өкүмү майдын аягында чыккан. Ага ылайык, жети киши 10 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратылган. Соттолгондордун баары тең апелляциялык арыз жазган. Азырынча алар боюнча отурумдар баштала элек.

Буга чейин Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги «Астана LRT» долбоорун ишке ашыруудагы каражат уурдоо схемасын Нур-Султандын мурдагы акиминин орун басары Канат Султанбеков менен «Астана LRT’дин» экс-жетекчиси Талгат Ардан уюштурганын билдирген. Булардын экөө тең өлкөдөн чыгып кеткен, азыр алар эл аралык издөөдө.

Өлкөдөгү алгачкы жеңил рельстүү транспорт системасы жүргүнчүлөрдү баш калаанын сол жээгинен аэропортко жана темир жол бекетине чейин ташышы керек болчу. Анын курулушун аяктоонун максаттуулугу боюнча талаш-тартыштар долбоор башталган 2017-жылдан бери байма-бай пайда болуп келет.

2019-жылы күзүндө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев долбоорду ачык сынга алып, аны талаштуу деп атаган. Кийинчерээк Нур-Султандын бийлиги LRT курулушу улана турганын билдирген. Ошол эле маалда андагы станциялар менен жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктөр азайтылары кабарланган.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, коррупциялык чырдан кийин долбоордун аталышы City Transportation Systems (CTS) деп өзгөртүлгөн.

XS
SM
MD
LG