Ссылки доступа

Түркмөнстанда бүтүрүүчүлөрдү мектептен дароо аскерге алып кетишти


Ашхабад (иллюстрациялык сүрөт)
Ашхабад (иллюстрациялык сүрөт)

Ашхабаддагы мектептерде 18 жашка толгон окуучулар бүтүрүү сынактарынан кийин дароо полиция кызматкерлеринин коштоосунда аскердик комиссариаттарга жеткирилди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 15-июнда баш калаадагы №15 мектепке полициянын жана аскердик комиссариаттардын өкүлдөрү барышкан. Алар аскерге чакыруу алган 18 жашка толгон бүтүрүүчүлөрдү сынактарга биринчи киргизип, андан чыгары менен армияга алып кетишкен.

Радионун кабарчыларынын айтымында, бул күнү мындай көрүнүш Ашхабаддагы башка мектептерде да болгон.

Түркмөнстанда бүтүрүүчүлөрдү мектептерден түз эле аскерге алып кетүү тажрыйбасы акыркы бир нече жылдан бери уланып келет. Буга чейин 18 жашка толгон өспүрүмдөрдү өлкөгө учуп келери менен аэропорттон армияга алып кеткен учурлар да катталган.

XS
SM
MD
LG