Ссылки доступа

Өзбекстанда акимчилик кызматкери журналисттердин камерасындагы эс тутум картасын чайнап салган


Самарканд облусунун Иштихан районунда жергиликтүү акимчиликтин басма сөз кызматкери "My5" телеканалынын журналисттерине таандык камерадан эс тутум картасын чыгарып, чайнап салган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

14-июнда “My5” телеканалынын кызматкерлери жергиликтүү дыйкан базарындагы өрт тууралуу репортаж даярдоо үчүн барышкан. Сюжет тартуу маалында райондук акимчиликтин өкүлү Ильхом Бобоев алардын камерасындагы эс тутум картасын чыгарып алган. Бул учур сүрөткө тартылып калган.

«Акимчиликтин басма сөз кызматкери өрт болгон жерди тартууга тоскоолдук кылып, көйгөй чечилгенин айтты. Биз көйгөйдү эмес, өрттү чагылдырууну каалап жатканыбызды билдирдик. Бирок ал каршылык көрсөтүүсүн улантып, күтүүсүздөн камерабыздан эс тутум картасын чыгарып алды. Кесиптештерим ал картаны оозуна салып, чайнап салганын айтышты. Акимчилик өкүлү аны жутуп жибердиби же жаратпай салдыбы билбейбиз. Ал картада өтө маанилүү маалыматтар бар болчу», - деди телеканалдын кабарчысы.

Самарканд облустук акимчилигинен бул иш боюнча тергөө иштери башталганын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG