Ссылки доступа

Казакстанда автоунаадагы өрттөн эки бала чарчап калды


Актөбө облусунун Айтекебий районунда унаа өртүнөн күйүк алган эки баланын бири окуя болгон жерде, экинчиси ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Актөбө облустук саламаттык сактоо башкармалыгыны башчысынын орун басары Айгүл Күштаева кабарлады.

Маалыматка караганда, турак жайдын жанындагы автоунаа өрттөнгөн. Машиненин ичинде ойноп жаткан бир туугандардын кичүүсү, 3 жашар бала салонду ача албай мерт болгон. Ошол учурда ага жардам берүү үчүн келген жети жаштагы агасы да күйүк алган, ал өтө оор абалда ооруканага жеткирилген, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.

Окуя 16-июнда Айтекебий районуна караштуу Енбекти айлында болгон. Автоунаа эмне себептен күйүп кеткени белгисиз.

Актөбө полициясы кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG