Ссылки доступа

Активисттер "Казакстандын жаңы Конституциясынын долбоорун" сунушташты


Активист Жанболат Мамай баштаган Демократиялык партия түзүү боюнча демилгечил топ 17-июнда Казакстандын ыктымал жаңы Конституциясынын долбоорун тааныштырды.

Долбоордо президентти беш жылга шайлоо, кошумча мөөнөткө тыюу салуу сунушталган. Президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана туугандарына мамлекеттик кызматтарда иштөөгө жана мамлекеттик үлүшү бар компанияларда жетекчи орундарды аркалоого тыюу салуу каралган.

Активисттер бир палаталуу парламентти – улуттук курултайды түзүүнү, өзүн-өзү көрсөтүү институтун калыбына келтирүүнү жана борбор калааны Алашордо деп өзгөртүүнү жакташат.

Топтун өкүлдөрүнүн айтымында, азыркы бийлик долбоорду референдумга алып чыгууга жол бербейт.

“Бизде Конституциянын даяр долбоору бар жана аны келечекте бийлик алмашканда жалпы элдик референдумга алып чыкканга мүмкүнчүлүгүбүз бар”, — деди Мамай.

Ал каалоочуларды ага чейин ой бөлүшүп, долбоорду талкуулоого катышууга чакырды.

Казакстандын жаңы тарыхында эки жолу гана референдум өткөн. Экөө тең бийликтин демилгеси болгон. Биринчисинде, 1995-жылы ал кездеги президент Назарбаевдин ыйгарым укуктары 2000-жылга чейин узартылган.

XS
SM
MD
LG