– Алматыда коронавирус маалында элде иммундук катмар калыптанды. Азыр алматылыктардын 23 пайызынын коронавируска каршы иммунитети бар: 18 пайызы вакцина алган, 5 пайызы ооруп айыккан. Июлдун аягына чейин (жамааттык иммунитет) 30 пайыз болот деп ойлойм, –деди Жандарбек Бекшин.
Алматыда 16-июнга карата 357 299 киши вакцина алды. Ай башында Бекшин шаарда жамааттык иммунитет 21 пайызды түзгөнүн кабарлаган. 2020-жылы декабрда ал Алматы жашоочуларынын 55-56 пайызында жамааттык иммунитет пайда болгонун айткан эле. Анда иликтөөгө беш миң киши катышкан.