Ссылки доступа

Орусия ТИМи АКШ менен туткундарды алмашуу маселеси карала баштаганын кабарлады


Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова RTVI телеканалына берген маегинде Москва менен Вашингтондун ортосунда туткундарды алмашуу маселесин иштеп чыгуу башталганын айтты.

Орусия президенти Владимир Путин Жо Байден менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы боюнча шаршембиде өткөн маалымат жыйыны учурунда АКШ менен Орусия туткундарды алмашуу боюнча компромисске келиши ыктымал экенин айткан.

Мария Захарова туткундарды алмашуу маселеси “коомчулук алдында ачык талкууланбашы керек” экенин белгиледи.

“Биз ачык-айкындуулукту үгүттөгөн ведомствобуз, бирок тынчтык өкүм сүрүшү керек болгон учурлар бар”, - деди Захарова.

XS
SM
MD
LG