Ссылки доступа

АКШда кулчулук жоюлган 19-июнь федералдык майрам деп жарыяланды


АКШнын президенти Жо Байден бейшембиде Кошмо Штаттарда кулчулук жоюлган 19-июнду федералдык майрам деп таануу тууралуу мыйзам долбооруна кол койду.

Өкүлдөр палатасындагы талкуунун жүрүшүндө Техастан шайланган демократ Шейла Жексон Ли 19-июнду федералдык майрам деп таануу тууралуу мыйзам долбоору "кулчулук жоюлган күндү эскерүүнүн урматына" иштелип чыкканын билдирди.

19-июнь алгачкылардан болуп Техаста 1980-жылы майрам деп жарыяланган. Убакыттын өтүшү менен башка бир топ штаттар да бул күндү расмий майрам катары таанышкан. Ал Эркиндик күнү же Кулчулук жоюлган күн деп айтылып келген. Мыйзам долбооруна ылайык, жаңы федералдык майрам Улуттук көз карандысыздык күнү деп аталат.

19-июнь АКШда федералдык деңгээлде белгилене турган 11чи майрам болуп калды. Бул тизмеде Рождество, Жаңы жыл, Ыраазычылык күнү, Эгемендик күнү жана Мартин Лютер Кинг күнү сыяктуу майрамдар бар.

XS
SM
MD
LG