Ссылки доступа

Орусия мигранттар үчүн "чартердик поезд каттамдарын" ачышы мүмкүн


Орусиянын Айыл чарба министрлиги менен "Орусия темир жолдору" ишканасы коңшу өлкөлөрдөн жумушчуларды алып келүү үчүн "чартердик поезд каттамдарын" ачуу маселесин талкуулап жатат. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, агро өнөр жай тармагындагы жумушчу күчтүн жетишсиздигин ушундай жол менен чечүү маселеси министрликте өткөн жыйында талкууланган. Бул маалыматты мекеменин өкүлдөрү да ырасташты.

"Азыр өндүрүүчүлөр жана аймактардагы бийликтер менен темир жол каттамдарын уюштуруу боюнча жамааттык билдирме берүү маселесин талкуулап жатабыз", — деди министрликтин өкүлү.

Бүгүнкү күндө Орусияга чет өлкөлүк жумушчулар учактар менен гана бара алышат. Бирок билет баалары жогору болгондуктан, транспорттук чыгымдар кыйла көп болуп калууда. "Коммерсант" өз булактарына таянып, Айыл чарба министрлигиндеги жыйында чартердик поезддин билети 12 миң рубль болушу керектиги айтылганын жазды.

"Орусия темир жолдору" азырынча аларга чет өлкөлүк жарандарды поезд менен ташуу боюнча билдирме келбегенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG