Ссылки доступа

Тажикстандык малчылар кургакчылыктан улам чөптүн аз болуп жатканына тынчсызданышууда


Аброриддин Хайдаров, тажикстандык малчы
Аброриддин Хайдаров, тажикстандык малчы

Тажикстандык малчылар айрым адамдардын ири аянттагы жайыттарды ээлеп алганына нааразылык билдирип, кургакчылыктан улам чөптүн аз болуп жатканына тынчсызданышууда.

Беш жылдан бери айылдаштарынын малын багып иштеген Яван районунун тургуну Аброриддин Хайдаров быйыл жайыттарда чөп аз болуп, мал арыктап жатканын билдирди.

«Быйыл кургакчылыктан улам жайыттарда чөп өтө эле аз. Кечинде мал келгенде ээлери ачка экен деп нааразы болуп жатышат. Малга тоют жетишпей, арыктап жатат», — деди ал.

Мындан тышкары малчылар жайыттардын көпчүлүгүнүн бай адамдардын карамагына өтүп кеткенине нааразы болуп жатышат.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдөгү үй жандыктарынын 93% жана кой-эчкилердин 82% жөнөкөй тургундарга таандык. Ошол эле маалда жайыттардын 70% фермердик чарбалардын менчигинде.

Жакында эле Тажикстандын айыл чарба министри Сулаймон Зиезода парламентте “Жайыттар тууралуу” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү тааныштырды. Ал өлкөдө мындай маселе бар экенин мойнуна алып, мекеме аны чечүү үчүн аракет кылып жатканын айтты.

«Азыр башка жерлерде жашап, бирок менчиктештирип алган жайыттарды ижарага берип акча тапкан адамдар көп. Биз бул боюнча иштеп жатабыз, сын-пикирлер менен сунуштар өтө көп. Бул мыйзамдын алкагында маселени чечкенге аракет кылабыз», - деди Зиезода.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Тажикстандагы жайыттардын аянты 3 миллион 832 миң 161 гектарды түзөт. Ошол эле маалда өлкөдө 6 миллион 50 миң кой-эчки жана 2,5 миллион ири мүйүздүү мал бар.

“Эгер бир гектар жайыт беш баш малга туура келет деп эсептесек, анда кой-эчкилер үчүн гана бир миллион гектардан ашык жайыт керек болот. Мындан тышкары ири мүйүздүү мал жандыктары үчүн дагы 2,5 миллион гектар зарыл. Тактап айтканда, Тажикстандын элди жайыттар менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген», — деп кошумчалады министр.

Тажикстанда 1990-жылдардан бери мал жандыктардын саны дээрлик 60% көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG