Ссылки доступа

Өзбекстанда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген 20 киши кармалды


Өзбекстандын Сырдарыя облусунда Telegram аркылуу экстремисттик материалдарды таратууга шектелген 20 киши кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, шектүүлөр 16-июнда Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Улуттук коопсуздук кызматынын биргелешкен операциясынын жүрүшүндө колго түшүрүлгөн.

Алар Telegram аркылуу экстремисттик жана террористтик уюмдарды пропагандалаган аудио жана видео материалдарды таратууга шектелип жатышат.

15-июнда Жизак облустук ички иштер башкармалыгы Галлаарал районунда "Катиба Таухид валь-Жихад" террордук тобунун катарына кошулууну пландаган адамдардын тобу колго түшкөнүн кабарлаган.

Июндун башында Самаркандда террордук топтордун катарына кошулуу үчүн Сирияга кетүүгө аракет кылган 14 киши кармалган.

XS
SM
MD
LG